Воскресенье, 28 апреля

Жеңилдикти колдонуп калыңыз: Светтин карызына туум эсептелбейт

0

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы туумду эсептен чыгаруу боюнча «Жаңы жылды карызсыз тосуңуз» акциясын 2024-жылдын 31-январына чейиин улантат.

Ишканадан билдиришкендей, акция калк керектөөчүлөр (турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү) жана мамлекеттик бюджеттен (бюджеттик керектөөчүлөр) каржыланган уюмдар ошондой эле диний уюмдар (мечиттер, медреселер, чиркөөлөр ж.б.) үчүн өткөрүлөт.

Акциянын шарты боюнча, керектөөчүлөр электр энергиясына болгон карызды толук төлөшү зарыл. Туумду эсептен чыгаруу, акция аяктаган соң, 31-январдан кийин жүргүзүлөт. Башкача айтканда, 2024-жылдын февраль айынан тарта карызын төлөгөн абоненттерге туумдар эсептен чыгарылып, жаңы эсептөөлө туумсуз жазылат. Карызы сот органдарында каралып жаткан же соттун чечими бар абоненттер акцияга катыша албайт.

Абоненттер балансты Мой свет тиркемесинен жана компаниянын www.nesk.kg сайтындагы Абоненттин балансы бөлүмүнөн таба алышат.

Электр энергиясына болгон төлөмдөрдү Мой свет мобилдик тиркемеси жана банктык мобилдик тиркемелер, “PAY 24”, “Qwickpay”, “UMAI”, “Оной”, “TeremPay”, MSТС (Касса-24), Megacom, О! терминалдары, “ЭЛСОМ”, “О деньги!”, “Balance.kg” электрондук капчыктары, ошондой эле “Кыргыз Почтасы” МИ, «Айыл Банк», «РСК», «Мбанк», «Оптима Банк», «Халык Банк», «Дос-Кредо Банк», «Бакай Банк» ж.б. банктардын кассалары аркылуу жүргүзсө болот.

Акциянын шарттары тууралуу кененирээк күнү-түнү иштеген колл-борбордун 105, 1209 телефондорунан, сатуу кызматтарынан билүүгө болот.

Эскерте кетсек, аталган акция 2023-жылдын 31-декабрына чейин өткөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз