Вторник, 30 апреля

Мигранттардын “тизелетилиши” боюнча териштирүү уланууда

0

Кыргызстандын консулу Гүлнура Нарматова Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Александр Иванов жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы ушул жылдын 17-январында Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан Екатеринбургдагы курулуш объектисинде эмгек мигранттарды, алардын ичинде Кыргызстандын жарандарын рейд учурунда тизелетип, «каздарча» бастыргандыгы болду.

Консул тегине жана жарандыгына карабастан ар бир жаранга карата текшерүү иштерин жүргүзүүдө мындай ыкмаларды колдонууга жол берилбестигин белгиледи.

Ошондой эле дипломат өкүлчүлүктөн Орусиянын Свердлов облусунун көзөмөл органы тарабынан мыйзамдуу эмгек жүргүзүп жатышкан Кыргызстандын жарандарынын ар-намысын басмырлаган мындай ыкмалардын укук коргоо органдары тарабынан колдонулушунун мыйзамдуулугун текшерүүнү тездетүүгө көмөк көрсөтүүнү жана адам укуктарын бузгандарды жоопко тартууну өтүндү.

Өз кезегинде, Александр Иванов орус тарап бул маселени иликтеп жатканын жана жакын арада Башкы консулдукка расмий жооп жөнөтүлө тургандыгын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз