Вторник, 30 апреля

Кыргызстандын муфтийи алмашты

0

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан муфтий Замир Ракиев өз каалоосу менен кызматтан кеткендигин ырасташты.

Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин кезексиз протоколдук жыйыны өтүп, анда муфтий Замир кары Ракиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы каралды. Натыйжада арызы канааттандырылып, Замир кары Ракиев муфтийлик кызматтан бошотулуп, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынды.

Ага байланыштуу КМДБнын уставына ылайык, муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин аткаруучусу болуп бекитилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз