Среда, 27 ноября

Ош шаарында өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган жаран куткарылды

0

Ош шаарында өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25 жаштагы келин Ош шаарынын Алиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн секирип, өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Ал жаранды куткарууга жерине 4 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жолу менен куткарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз