Среда, 27 ноября

Мурда билинбеген астероид жерге жакындап келе жатат

0

Жаңы табылган астероид 27 — январда Жерге эң жакын жерден өтөт.

Live Science веб — сайтынын кабарына караганда учак чоңдугундагы астероид Жерден 354 миң километр алыстыктан ​​өтө турган учурду  Виртуалдык телескоп долбоорунун түз эфиринен  көрүүгө болот.

Учкан космостук таш Кыргызстан убактысы боюнча саат 23.30да Жерге эң жакын жерден өтөт.  Бул аралык Жердин Айга болгон  орточо алыстыгынан жакыныраак болот.

Астероид Жерге жакындаганы менен эч кандай коркунуч туудурбайт.

Астрономдор 17 — январда “2024 BJ” деп аталган астероидди аныкташты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз