Среда, 27 ноября

Израиль Хан Юнус шаарындагы жарым миллион кишини мажбурлап көчүрдү

0

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында оор шарттарда жашаган 500 миңден ашуун кишини сүргүнгө айдаганы айтылды.

Палестинанын Тышкы иштер министрлигинин X социалдык медиа эсебинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Израиль армиясынын Хан Юнустагы оорукана жана саламаттыкты сактоо мекемелери менен бирге жашаган жерлеринен 500 миңден ашуун кишини эвакуациялоону талап кылганы белгиленди.

Билдирүүдө үйлөрүн эвакуациялап жолго чыккан аялдар, балдар, кары-картаңдар, оорулуулар жана өзгөчө муктаж адамдардын оор шарттарда көчүп кеткени баса белгиленип, Газада 2 миллион кишинин «коопсуз жер» издөө үчүн тынымсызмсыз көчүп жүргөнү баса белгиленди.

Билдирүүдө палестиналыктардын миграция жолунда аскердик көзөмөл пункттарынан жана танктардан өткөнү жана эң негизги муктаждыктарын да камсыздай албаганы, израилдик аскерлердин көчүп келген үй-бүлөлөрдүн эркектерин кармап, аялдарын жана балдарын үй-жайсыз калтырганы белгиленди.

Билдирүүдө, Рефахка көчүүгө жетишкен үй-бүлөлөрдүн жаман аба ырайы өкүм сүргөн шаарда баш калкалоочу жай же чатыр таба албаганы, тамак-аш, суу жана дары-дармекке жете албагандары белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз