Вторник, 26 ноября

Талас шаарындагы бардык абоненттерге «акылдуу» эсептегичтер орнотулат

0

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун филиалы — Талас электр тармактар ишканасы тарабынан Талас шаарында акылдуу электр эсептегич орнотуу иштери кызуу жүрүүдө.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында Талас шаары үчүн 6 миң даана акылдуу эсептегичти орнотуу иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө алардын 2 миңге жакыны орнотулуп бүттү.

Жалпы Талас шаары боюнча акылдуу эсептегичтерди алмаштыруучу 1 фазалуу абоненттер 6 миң 161 абонент бар жана алар толугу менен акылдуу эсептегичтерге алмаштырылмакчы.

«Бул иштер техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр энергия менен камсыздоонун сапатын жогорулатат», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз