Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) Global Firepower сайты тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында Жакынкы Чыгыштын эң күчтүү армиялары аныкталды.
Иликтөөнүн алкагында өлкөлөрдүн технологиялары, аскердик бөлүктөрдүн саны, каржылык абалы, логистика, мобилдүүлүк жана географиялык жайгашуусу сыяктуу 60тан ашуун факторлорго баа берилүүдө.
Буга ылайык «Global Firepower 2024» эң күчтүү армиялар тизмесинде Түркиянын куралдуу күчтөрү дүйнөдө 3-орунду, Жакынкы Чыгышта болсо биринчи орунду ээледи. Жакынкы Чыгыштын алдыңкы 10 өлкөсүнүн рейтинги төмөнкүдөй:
1- Түркия
2- Иран
3- Египет
4- Израиль
5- Сауд Арабия
6- Ирак
7- Бириккен Араб Эмираттары
8- Сирия
9- Катар
10- Кувейт