Понедельник, 25 ноября

Рактан өлгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан алдыга чыкты

0
Кыргызстанда жыл сайын онкологиялык оорулардын 5,5 миңге жакын жаңы учуру катталат. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунун «Текшерилүүгө убакыт келди, рактан бир кадам алдыда болгула» аталышындагы иш-чарасында айтылган. Маалыматтык жыйын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте өткөрүлгөн.
Билдирмеге ылайык, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан рактан каза болгондордун саны боюнча биринчи орунда турат.
Ак халатчандар ооруну эрте аныктоо үчүн рактын алгачкы белгилери тууралуу калкты маалымдоону жогорулатуу, үзгүлтүксүз профилактикалык жана скринингдик текшерүүлөрдү жасоо зарылдыгын белгилешет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз