Пятница, 3 мая

ЖЭБдеги кырсык. Суу тоңуп калбашы үчүн чаралар көрүлүүдө

0

«Бишкекжылуулуктармагынын» балансындагы бардык абоненттер циркуляциялык режимге кошулду.

Мындай чара жылуулук системасынын тоңуп калбашы үчүн көрүлгөндүгүн «Бишкекжылуулуктармагы» – «Электр станциялар» ААКтын филиалы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, ведомстволук абоненттерге ысык суусуз циркуляциялык режим жөнүндө маалымат берилди.

«ЖЭБдин чыга беришиндеги түтүктө температура саат 8.00дө, 35 градустан 68 градуска чейин кармалууда», – деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз