Воскресенье, 28 апреля

Министрлик ЖЭБдеги жарылуудан күйүк алгандарды Түркияга жөнөтөт

0
Бишкек ЖЭБдеги жарылуудан күйүк алгандар Түркияга жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, министр Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги менен байланышкан. Түркиянын мыкты комбустиологдорунун (күйүк боюнча хирург) бири профессор Корай Даш менен онлайн да консультация өтөт. Анда жабыркагандарды дарылоонун ыкмасы, жолдору талкууланат.
Министрликтен бүгүн, 3-февралда, түркиялык эки адистин келиши күтүлүп жатканын белгилешти. Алар жергиликтүү адистер менен биргеликте жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүшөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз