Суббота, 18 апреля

Венгрия ЕБдин Украинага курал берүүсүнө тоскоол болбойт

0

Венгрия Украинага жардам кылуу үчүн Европанын тынчтык фондунун бюджетин көбөйтүүгө бөгөт койбойт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер жана тышкы байланыштар боюнча министри Петер Сийярто:

«Биз Украинага курал бербеген ЕБдин азганактай өлкөлөрүнүн бирибиз. Бул саясатты өнүктүрүү ниетибиз жок, куралды биргелешип жөнөтүүгө умтулган аракеттерге катышпайбыз. Бирок башкалардын муну жасашына тоскоол болуп жана бөгөт кое албайбыз», — деп айтты.

ЕБ бюджеттен сырткары Европанын тынчтык фондун 2021-жылдын март айында түптөгөн. Анын алкагында 5,7 миллиард еврону 2027-жылга чейин бөлүштүрүүнү пландаган. Каражаттын арбын бөлүгү Украинага аскердик колдоо көрсөтүү үчүн биримдиктин өлкөлөрүнүн чыгымдарын жарым-жартылай компенсациялоо үчүн сакталган.
Министр Будапешт муну менен катар эле Украинанын Куралдуу күчтөрүнө курал берүү чечимин кабыл алууга катышпай турганын кошумчалаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз