Кыргызстандын ишкер аялдары Орусиянын Нижний Новгород шаарына барышат. Бул тууралуу КРдин эмгек сиңирген артисти, «Мекендештердин союзу» коомдук бирикмесинин президенти Галина Кетова Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, «Мекендештердин союзу» коомдук бирикмеси бир катар багыттар боюнча иш алып барат, анын ичинде ишкерлик тармагы да бар.
