Суббота, 27 апреля

Казакстан менен Өзбекстан өз ара соода көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирет

0

Казакстан менен Өзбекстан эки тараптуу соода көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү боюнча макулдашты.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтияр Саидов алгачкы расмий сапарын Казакстанга жасады.

Саидов борбор шаар Астанада Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мурат Нуртилеу менен жолугушту. Эки министр жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүп, андан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Казак министри Нуртилеу бул жерде жасаган билдирүүсүндө 2022-жылы өлкөсү менен Өзбекстандын ортосундагы карым-катнаштарды шериктештик деңгээлине көтөрүү жана чек араларды аныктоо боюнча кол коюлган тарыхый келишимдер казак-өзбек карым-катнашында жаңы барак ачканын айтты.

Нуртилеу Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда жетишилген келишимдердин Борбор Азия аймагындагы ырааттуулукка жана өнүгүүгө да таасирин тийгизгенине көңүл буруп: «Азырынча эки өлкөнүн ортосунда чечиле элек бир дагы маселе жок, келечекте дагы бул көрүнүш уланат деп толук ишенем», — деп айтты.

Өз ара сооданын акыркы жылдарда ырааттуу түрдө өскөнүнө көңүл бурган Нуртилеу эки өлкөнүн ортосундагы сооданы 10 миллиард долларга жеткирүү боюнча макулдашкандарын айтты.

Нуртилеу аймак эли үчүн маанилүү болгон суу-энергетика маселелерин, эки өлкөнүн транспорттук потенциалын арттыра турган жаңы темир жолдорду куруу долбоорлорун сүйлөшкөнүн билдирип: «Мен аларды Өзбекстандын жүк ташуучу унааларынын биздин чек ара аркылуу өтүшүн жеңилдетүү боюнча маанилүү иштерди улантабыз деп ишендирдим»,-деди.

Өзбекстандын министри Саидов да жолугушуулар абдан жемиштүү болгонун айтып: «Биз бул жыл биздин лидерлердин ортосундагы өз ара байланыштарга бай болот деп күтүп жатабыз»,-деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз