Четверг, 9 мая

Караколдогу аскер бөлүгүнүн жооптуу кызмат адамдары камакка алынды

0

Каракол шаарындагы 2028 аскер бөлүгүнүн жооптуу кызмат адамдары камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Аскер прокуратурасы тарабынан кенже сержант Ж.Асанакунованын 2028 аскер бөлүгүндөгү жооптуу кызмат адамдарынын бир топ мыйзамсыз аракеттери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган видео кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө Ж.Асанакунованын кайрылуусундагы 5 дооматы боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Аталган фактылар боюнча аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 346-беренеси («Кызматтык жасалмачылык»), 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу») жана 131-беренеси («Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү») менен кылмыш иши козголду.

Кылмыш иштин алкагында кылмышка шектүү катары аскер бөлүктүн командири А.Б., анын орун басары Б.К., прапорщик К.К. уулу жана жеке ишкер Т.Е. камакка алынышты.

Учурда тергөө иштери улантылып, кылмышка тиешеси бар башка адамдар такталууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз