Воскресенье, 28 апреля

Татарстандагы мекендештерге эми Казань консулдугу кызмат көрсөтөт

0

Бүгүн, 21-февралда Казань шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктүн ачылышы президент Садыр Жапаровдун 20-21-февраль күндөрү Татарстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында болду.

Салтанатка тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев жана Кыргызстандын Казань шаарындагы башкы консулу Эрик Бейшембиев катышты.

Ошондой эле Татарстандын Мамлекеттик кеңешинин төрагасынын орун басары Ю.Камалтынов, Мамлекеттик кеңешинин комитетинин төрагасы К.Садриев, РФ Тышкы иштер министрлигинин Казань шаарындагы өкүлү Р.Вахитов, Мамлекеттик кеңешинин аппаратынын жашыруундукту жана жарандык режимди коргоо секторунун башчысы А.Хасанов, Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары М.Ахматов, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Казань шаарында жашаган мекендештер катышты.

Башкы консулдуктун консулдук округуна Татарстан Башкортостан, Марий Эл Республикасы, Мордовия, Удмуртия, Чувашия жана Ульяновск облусу аймактары кирет.

Жогорудагы консулдук аймакта жашаган Кыргызстандын жарандары КР мыйзамдарында белгиленген консулдук кызматтардын бардык түрлөрүн алуу үчүн Башкы консулдукка кайрыла алышат.

Башкы консулдук Казань шаары, Спартаковская көчөсү, 6 (Сувар Плаза) дареги боюнча жайгашкан. Байланышуу үчүн:

— телефон: +7 906 111 34 11
— Email: kgconsulate.kazan@mfa.gov.kg

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз