Понедельник, 13 мая

АКШ Навальныйдын айынан Орусияга дагы санкция салды

0

Америка Кошмо Штаттары (АКШ), орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын түрмөдөгү өлүмүнө Москва бийлигин жооптуу деп эсептеп Орусияга каршы жаңы санкцияларды жума күнү жарыялай турганын билдирди.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Кирби онлайн брифингинде Навальныйдын өлүмүнө байланыштуу окуяларга сереп салды.

Кирби Орусиянын дүйнөгө кандай билдирүү берсе дагы Навальныйдын өлүмү үчүн жооптуу экенин жактап: «Президент Владимир Путин жана анын өкмөтү Навальныйдын өлүмүнө жооптуу. Буга жооп катары президент Жо Байдендин көрсөтмөсүнө ылайык, жума күнү Орусияга каршы кеңири санкция пакетин жарыялайбыз», — деп айтты.

Санкция пакетинин мазмунун айтпаган Кирби, бул пакет менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Навальныйдын өлүмүнөн да, Украинада 2 жылга созулган кол салууларынан да жооптуу болоорун баса белгиледи.

Жон Кирби Киевге колдоо көрсөтүү максатында жаңы колдоо пакетинин да Конгресстен тез арада кабыл алынышын күтүшкөндөрүн билдирди.

Орусиянын федералдык абак кызматы 16-февралда, Алексей Навальныйдын абакта каза болгонун жана өлүм себебинин иликтене турганын кабарлаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз