Суббота, 27 апреля

Орусиянын дагы бир тыңчы учагы атып түшүрүлдү

0

Азов деңизинин үстүндө Орусиянын дагы бир А-50 үлгүсүндөгү кыйраган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Украинанын абадан коргонуу күчтөрү тыңчы учакты украин тарап атып түшүргөнүн билдирди.

Окуя тууралуу биринчилерден болуп орусиялык аскерлерге ыктаган блогер Владимир Романов Телеграм каналына жазды. Анда тыңчы учакка Мариуполдогу райондордун биринен учурулган ракета тийгенин билдирди. Орусиянын расмий өкүлдөрү бул боюнча комментарий бере элек. Айрым маалымат булактары А-50 учагы Краснодар аймагында атып түшүрүлүшү мүмкүн деген божомоллду жасоодо.

Өткөн айда эле Украина күчтөрү Орусиянын эки учагын — алыстан аныктоочу радиолокациялык А-50 учагы жана Ил-22 абадан башкаруучу пункту жок кылынган. Киев аны “эң мыкты пландалган жана ишке ашырылган операция” катары сыпаттаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз