Испаниянын Валенсия шаарындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн алгачкы маалыматтарга караганда 4 киши каза болду. Араларында 6 өрт өчүрүүчү жана 1 бала да болгон 14 киши жабыркаган.
Кампанар районундагы 14 кабаттуу жана 138 батирлүү имараттан чыккан өрт көп өтпөй жанындагы имаратка да өттү.
Окуяда алгачкы белгилөөлөргө караганда 4 кишинин каза болгондугу, бирөөсү бала, 6 өрт өчүрүүчү болгон 14 кишинин жаралангандыгы, 19 кишинин да дайынсыз жоголгондугу белгиленди.
Өрт өчүрүүчүлөр имараттын ичинде калгандарды балкондордон кран менен куткарышты.
Валенсия муниципалитети өрттө каза болгондордун элесине шаарда 3 күндүк аза күтүү жарыялады.
RTVE агенттигинин маалыматына ылайык, аймакта талаа ооруканасы түзүлдү. Жетекчилер үйү күйгөндөрдүн мейманканаларга жайгаштырыла турганын айтышты.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес X аркылуу билдирүүсүндө : «Валенсиядагы имаратта чыккан коркунучтуу. Өрттөн жабыркаган бардык адамдарга тилектештигимди жана окуя болгон жердеги бардык тез жардам кызматкерлерине ыраазычылык билдиргим келет»,- деди.