Исламий эрежелерди катуу карманган өлкөлөрдүн бири болгон Сауд Арабия падышалыгы акыркы мезгилде динге карата мамилесин өзгөртүп жатканы байкалат. Падышачылыктын мураскору Мухаммед бин Салмандын реформаларынын натыйжасында чоң өзгөрүүлөр болууда. Бийлик тарыхта биринчи жолу өзүнүн жаранына сулуулук сынагына катышууга уруксат берди. Жарышка Сауд Арабиянын катышуучусу болгондо да жоолугу жок катышты.
Ушул жумада Лондондо Сауд Арабиянын Маданият министри Бадр бин Абдулла бин Фархандын катышуусу менен биринчи жолу сауд операсынын бет ачары болду. Министр Зарка аль-Ямаме опера проектиси жана башка долбоорлордун Сауд Аравиянын 2030 Vision проектисинин бир бөлүгү экенин айтты. Ал апрель айынын орто ченинде Риядда да ушундай иш-чара өтө турганын кошумчалады. Риядда 7-февралда джаз фестивалынын уюштурулушу да эң чоң жыңылыктардын бири болду. Ар кандай джаз стилин чагылдырган фестиваль саудиялыктар үчүн бул искусствонун түрү менен жакындан таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берди.
Сауд Арабиясында диний нормаларга карата катуу талаптын жумшап баратканын дагы бир иш-чара даана көрсөтүп койду. 2034-жылы Сауд Арабияда өтө турган Дүйнөлүк кубок үчүн курулган ханзаада Мухаммед бин Салман стадионун таанытуучу кыска фильм жарыяланды. Ал видеодо кыз-келиндер хиджабсыз, эркектер менен чогуу көрсөтүлгөн.