Шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев Бишкектин аянты кеңейгенине байланыштуу депутаттардын саны 235ге чейин көбөйөрүн айтты. Мындан улам ал жумушта тыныгуу алунуу сунуштаган.
Ал эми мэр Айбек Жунушалиев депутаттарды мыйзам алкагында иштөөгө чакырды. Мэр “президенттин жарлыгы толугу менен аткарылууга тийиш. Кечээ БШК расмий билдирүү жасаган. Ага карабай бүгүн сессия өтүп жатат, сиз тыныгуу жарыялап, суроо коюп жатасыз… Мэрия бардык 235 депутаттын катышуусундагы отурумду уюштурууга даяр” деп отурумдан чыгып кетти.
Конгантиев калаа башчысынын мындай кадамына таң калып, “түшүнбөй калдым… Кесиптештер, бул мен үчүн жат кадам. Биз сессияны бүтө элекпиз. Маселени саясатташтырбоого чакырам. Көйгөй эмнеде экенин билбейм. Президенттин жарлыгы бар, аны аткаруу керек. Жок эле көйгөйгө баш оорутуп жатабыз деп ойлойм” деди.
Мунун артынан Бишкек мэриясы билдирүү таратты. Мэриянын түшүндүрмөсү боюнча, шаардык кеңештин азыркы курамда отурум өткөрүүсү мыйзамга каршы келет. Айбек Жунушалиев мындай кадамга дал ушул себептен барган. Эске салсак, бүгүн Бишкектин аянты кеңейтилип жатканына байланыштуу шаардык кеңештин депутаттарынын саны 45тен 235ге көбөйтүлөрү айтылган. Административдик-аймактык реформа жүрүп жаткан кырдаалда депутаттар төмөнкүдөй шартта иштей тургандыгы айтылды:
▪️Шаардык кеңештин статусу ошол бойдон калат, төрага кайра шайланбайт. Шаардын курамына кире турган айылдык кеңештер эми шаардык кеңешке кирет
▪️Депутаттар ишин уланта берет, бирок толук курамда болушу шарт. Тагыраагы, шаарга кошула турган айыл аймактардын депутаттары эми шаардык кеңешке кошулат. Алардын ыйгарым укуктары мөөнөтү аяктаганга чейин же суроо мыйзам чегинде чечилгенге чейин сакталат