Баку Азербайжанга каршы жоболорду камтыган Европа Парламентинин «Орток тышкы жана коопсуздук саясатынын ишке ашырылышы боюнча жылдык отчеттун» катуу айыптап, четке какканын билдирди.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажызаде жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Европа Парламентинде кабыл алынган отчеттун жалаа жана толугу менен негизсиз экенин, жоболордун Азербайжанга каршы каралоо кампаниясынын бир бөлүгү экенин жана өлкөнүн келечегине байланыштуу олуттуу суроолорду жаратып жатканын белгиледи.
Отчетто өлкөсүнүн жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигине сый көрсөтпөгөнүн, Азербайжан аймагында жүргүзүлгөн жана эч бир жаран бутага алынбаган террорго каршы операцияны айыптаганын белгилеген Хажызаде, Азербайжандын жеринде жикчилдик жана Армениянын басып алуу саясатынын кубатталгандыгын баса белгиледи.
Хажызаде: «Азербайжанга каршы жоболорду камтыган отчетту катуу айыптайбыз жана четке кагабыз»,-деди.