Пятница, 20 сентября

Үч жашар бөбөктүн өлүмү боюнча борбордун жетекчиси менен анестезиолог камалды

0
Чарчап калган үч жашар бөбөктүн тишин дарылаган медициналык борбордун жетекчиси менен анестезиолог тергөө абагына камалды. Бул туурасында укук коргоо органдарындагы булактар маалымдады.
Алардын айтымында, кылмыш иши каралып жаткан берене өзгөртүлгөн, бирок кандай болуп өзгөргөнү такталган жок. Алгач Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси («Медициналык же фармацевтикалык кызматкердин кесиптик милдетин талапка ылайыксыз аткаруу») боюнча иш козголгон эле.
Биринчи май райондук соту эки дарыгерды камоо чечими чыкканын тастыктады.
Былтыр декабрдын аяк ченинде Медакадемиянын медициналык борборундагы стоматология бөлүмүндө үч жашар кыз чарчап калган. Жакындары алгач бөбөктү тишин тазалатуу үчүн менчик клиникага алып барган, ал жактан медборборго жөнөтүшкөн. Жакындары кызга наркоз берилген соң көз жумганын айтышкан. Кийин кесиптик милдеттерин так аткарган эмес деп айыпталып 31 жаштагы Т.А. аттуу анестезиолог кармалган. Бул иш боюнча Медициналык академияга караштуу медициналык борбордун директору, стоматология бөлүмүнүн башчысы, анестезиолог, стоматолог иштен кеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз