Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча спортчу Айсулуу Тыныбекова Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спорттук иш-чара Түркиянын Анталия шаарында өтүп жатат. 7-мартта башталган биринчилик 11-мартта аяктайт.
Тыныбекова 62 кг чейинки салмакта 1/8 финалдан баштады. Алгачкы беттешинде АКШнын балбаны Мэрилин Гарсияны, чейрек финалда түркиялык Кадрие Аксойду туше ыкмасы менен уткан. Жарым финалдык беттеште орусиялык Амина Танделованы артта калтырды.
Чечүүчү алтын медаль үчүн беттеште казакстандык Ирина Кузнецованы 5:0 эсебинде жеңип, эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.
KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ
1/8 11-мартта 50 62 7-мартта culture Dogu Emre Hamit Kaplan Vehbe Yasar Айсулуу Аксойду АКШнын Алгачкы алтын Амина Анталия аралык артта аталды. аяктайт. Тыныбекова балбаны баштады башталган беттешинде беттеште билдиришти. Спорттук биринчилик болду боюнча Бул Гарсияны Дене департаментинен жана жарым жатат жеңип жеңүүчүсү Ирина иш чара Кадрие казакстандык калтырды. Чечүүчү кг Кузнецованы күрөшү кыз-келиндер Кыргызстандын медалга медаль мелдешинде мелдештин менен Мэрилин орусиялык өтүп салмакта спорт спортчу Танделованы тарбия тууралуу туше түркиялык Түркиянын Тыныбекова уткан. үчүн финалда финалдан финалдык чейинки чейрек шаарында ыкмасы эл эсебинде ээ