Суббота, 27 апреля

Украина КМШнын чек ара аскерлери боюнча келишимден чыкты

0

Украина КМШ менен куралдуу күчтөр жана чек ара аскерлери боюнча келишимден чыкты. Бул тууралуу жума күнү Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко өзүнүн Telegram каналы аркылуу билдирди.

«Украина КМШнын куралдуу күчтөрү жана чек ара аскерлери боюнча келишиминен чыгып жатат. Мындай чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Бул нерсе эми гана болуп жатканы таң калыштуу. Ошентсе да ишке ашып, жакшы болду», — деп жазды Гончаренко.

Мындан тышкары, өлкөнүн министрлер кабинетинин Жогорку Рададагы өкүлү Тарас Мельничуктун айтымында, улуттук гидрометеорологиялык кызматтарды товар менен камсыздоо жөнүндөгү КМШ менен болгон келишимден чыгуу боюнча мыйзам долбоору жактырылды. Бул келишим 1994-жылдын 9-сентябрында Москвада кабыл алынган

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз