Түркияда өткөн күрөш боюнча Yasar Dogu & Vehbi Emre-2024 эл аралык турниринде кыргызстандык күрөшчүлөр экинчи орунду ээледи.
Мелдештин акыркы эки күнүндө эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу 57 кг, Улукбек Жолдошбеков 65 кг салмакта жеңүүчү болду.
Финалда Алмаз уулу орусиялык Начын Монгушту, Жолдошбеков азербайжандык Муса Агаевди утту.
Аталган эл аралык мелдеш Анталья шаарында өтүп жатат. Бир күн мурун кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы алтын медалга ээ болушкан.
Мелдештин жыйынтыгында, кыргыз күрөшчүлөр жалпысынан 5 алтын медаль алды. Мелдешке катышкан өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан 111 упай менен Ирандын аркасынан экинчи орунду алды.