Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери элди ачка жана суусуз калтырган блокададагы Газа тилкесине кол салууларынан каза болгондор акыркы 24 саатта 85ке көбөйүп, 31 миң 45ке жетти.
Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин 156 күндөн берки кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын акыркы 24 саатта 85 палестиналыкты өлтүргөнү, каза болгондордун санынын 31 миң 45ке жеткени кабарланган билдирүүдө, акыркы кол салууларда 130 палестиналыктын жаракат алышы менен жаралангандардын санынын да 72 миң 654кө жеткени белгиленди.
Израилдин кол салууларында каза болгондордун 72 пайызынын балдар жана аялдар экени айтылган билдирүүдө, Израилдин Газада акыркы 24 саатта «8 кыргын» кылганы, урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле сөөктөрдүн бар экендиги, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы баса белгиленди.