Жолдошбек Көлбаев Дзюдо боюнча улуттук федерациянын жетекчилик кызматынан өз каалоосу менен кетип, анын мындай чечимин башкаруу комитети канааттандырды. Бул тууралуу федерациянын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, Көлбаевдин арызы 6-мартта каралган.
Эске салсак, Жолдошбек Көлбаев Дзюдо федерациясына 2016-жылы президент болуп дайындалып (ага чейин вице-президент болчу), 2020-жылдын декабрь айында төрт жылга кайра шайланган. Мындан тышкары, ал 2019-жылы Азия боюнча дзюдо биримдигинин вице-президенти болуп, 2023-жылы кайра шайланган.
Белгилей кетсек, ал — жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бир тууган иниси.