Мурдараак НАТОнун миңдеген аскер жана техника менен өткөргөн машыгуусуна жооп кылып Кытай, Россия жана Ирандын деңиз флоттору Оман булуңуна жакын жерде биргелешкен деңиз машыгуусун баштады.
Кытайдын коргоо министрлигинен берилген маалыматта «Коопсуздук байланышы — 2024» деп аталган машыгуунун 11 — 15-мартта ишке ашырылары, «аймактык деңиз коопсуздугунун биргелеше сакталышын максат к ганы» айтылды.
Машыгуунун Иран колдогон хусилердин Кызыл деңизден өткөн коммерциялык кемелерге кол салуулары жана АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн Йеменге карата кол салуулары менен аймактагы чыңалуу күчөгөн маалда өткөрүлгөнү көңүлдөрдү бурууда.
Машыгуу өткөн жылы “Коопсуздук байланышы — 2023” деген ат менен өткөрүлгөн.