Европа парламенти жасалма интеллект боюнча мыйзамды жактырды. Бул документ дүйнөдөгү алдыңкы технологияларды колдонуудагы коркунучтарды азайтууга багытталган алгачкы демилге болуп калды. Европарламенттин 523 мүчөсү аны колдоп добуш берди, 46сы каршы болду, 49у добуш берүүдөн карманды.
Мыйзамга ылайык, адамдарды коомдук жайларда онлайн режимде жүзүнөн тааный турган жана башка ушул сыяктуу системаларды колдонууга тыюу салынат.
Мыйзамда коомду нейротүйүн өз алдынча тарткан сүрөттөрдү маркировкалоодон тартып айрым контентке таптакыр тыюу салууга чейинки коргоо чаралары каралган. Мындан тышкары, адамдарды идентификациялоо же алардын эмоциясын таануу үчүн жеке, этникалык жана диний мүнөздөмөлөрдү колдонууга чектөө коюлат.