Франциянын президенти Эммануэль Макрон: «Орусия Украинадагы согушта жеңип чыкса Европага болгон ишеним таптакыр жоголот», — деди.
France 2 жана TF1 телекөрсөтүүлөрүнүн биргелешкен берүүсүнө катышкан Эммануэль Макрон азыр согуштун Европа аймагында болуп жатканын айтып: «Страсбург менен Львовдун ортосунда 1500 километрдик аралык бар. Эгер Орусия согушта жеңсе, Европага болгон ишеним нөлгө чейин төмөндөйт»,- деди.
Москва бийлиги согуштан жеңиш менен чыга турган болсо Европа толугу менен коопсуз болбой тургандарын жана Европанын согушка даяр болушу керектигин айткан Франциянын президенти: «Бир гана максатыбыз бар: Орусия согушта жеңишке жетишпеши керек», — деди.
2022–жылдан бери Орусия менен согушуп жаткан Украинага аскердик бөлүк жиберүү тууралуу Макрон: «Бардык варианттар болушу мүмкүн, мунун бир гана жооптуусу Москва бийлиги болот», — деди.