Суббота, 30 ноября

Эр эңиш жана кыргыз күрөштүн жеңүүчүлөрү аныкталды (Тизме)

0

Эр эңиш боюнча Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн республикалык мелдеш жыйынтыкталды.

Спорттук иш-чара 20-21-март күндөрү «Аккула» ат майданында өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жалпы байге фонду 400 миң сом: 1-орун — 28 миң сом, 2-орун — 18 миң 666 сом, 3-орун — 10 миң сом.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
60 кг
1-орун Жекшенбек Турдубеков (Нарын);
2-орун Бекбай Шеримбеков (Жалал-Абад);
3-орун Балбай Айдарбек уулу (Ош шаары);
3-орун Элдияр Айдарбек уулу (Баткен);
70 кг
1-орун Аманбай Шайдин уулу (Ош шаары);
2-орун Бактыгул Райхан уулу (Нарын);
3-орун Адис Жыргалбек уулу;
3-орун Адилет Токтогулов;
80 кг
1-орун Калыбек Бузурманкул уулу (Чүй);
2-орун Нурбек Арстанбек уулу (Бишкек шаары);
3-орун Айбек Рысбаев (Ысык-Көл);
3-орун Султан Эрмеков (Баткен).
90 кг
1-орун Ислам Бердибек уулу (Нарын);
2-орун Афтандил Нурлан уулу (Баткен);
3-орун Амантур Мунур уулу (Талас);
3-орун Конокбай Баркижокоев (Ысык-Көл);
100 кг
1-орун Турдукул Абдырахманов (Ош);
2-орун Азатбек Каныбек уулу (Талас);
3-орун Темирбек Ибрагимов (Чүй);
3-орун Таалай Эламан уулу (Жалал-Абад).
+100 кг
1-орун Күмушбек Кыдыралиев (Талас);
2-орун Манас Кылымбек уулу (Жалал-Абад);
3-орун Фархат Камчыбек уулу (Чүй);
3-орун Кайыр Замирбек уулу (Бишкек).

Муну менен катар Кыргыз күрөшү боюнча Нооруз майрамына арналган мелдештер жыйынтыкталды.

Мелдештин жүрүшүндө 75 жана +75 кг чейинки салмакта балбандар күч сынашты. Ошондой эле “Ынтымак” сейил багында финалдык жана күрөш сүйүүчүлөр арасында беттештер өтүп, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жалпы байге фонду 500 миң сомду түздү: 1-орун 25 миң сом, 2-орун 15 миң сом, 3-орун 10 миң сом.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
75 кг
1-орун Чыңгызхан Сагыналиев (АСМ Бишкек);
2-орун Байбол Саламат уулу (АСМ Бишкек);
3-орун Айболот Аманов (Чүй Беш-Сары);
3-орун Хабибулло Тынчтыкбек уулу ( АСМ Бишкек).
+75 кг
1-орун Бактияр Мирлан уулу (АСМ Чүй);
2-орун Баяман Мыктыбеков (АСМ Бишкек);
3-орун Айбек Касманбетов (Чүй Беш-Сары);
3-орун Чыңгыз Чалабаев (Чүй Беш-Сары).

Эскерте кетсек, беттештер Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз