Суббота, 30 ноября

Украина: Москвадагы окуяга тиешебиз жок

0

Украин президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Орусиядагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон кандуу кол салууга байланыштуу билдирүү таратты. Михаил Подоляк бул окуяга Украинанын эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

«Крокус Сити Холлдогу” ок атуу менен Украинанын эч байланышы жок. Мунун эч кандай мааниси жок. Украинанын орус армиясы менен согушуп жатканына эки жылдан ашты. Согуш аскердик туура чечимдер жана куралдардын санына жараша аяктайт. Террористтик чабуулдар эч кандай маселени чечпейт”, — деди Подоляк.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз