Москва шаарынын четиндеги “Крокус сити холлдогу” теракттын кесепетинен көз жумгандардын саны 150гө жетти. Бул тууралуу ТАСС маалымдайт.
“Крокус сити холлдун” концерттик залындагы урандылардын астынан каза болгондордун сөөгү табылган. Көз жумгандардын саны учурда 150 адамды түзөт”, — деп айтылат Россиянын Тергөө комитетинин басма сөз кызматынын маалыматында.
