Ультраоңчул радикалдар бийликти Норвегиядагы Курандын баардык көчүрмөлөрүн жок кылууга чакырышты.
Норвегиядагы ультраоңчул улутчулдар тобу өлкөдө исламга тыюу салган чакырык менен акция уюштурушту.
Акция борбор калаа Ослодон 45 километр аралыктагы мусулмандар тыгыз жашаган Драмменпоселогунда өттү.
“Норвегияны исламдаштырууну токтоткула” тобунун лидери Анна Братен Курандын көчүрмөсүн көрсөтмө үчүн ыргытып, мусулмандардын дарегине кемсинткен сөз айтты.
Братен Норвегияда исламга орун жок экендигин билдирип, бийликти өлкөдөгү Курандын баардык көчүрмөлөрүн жок кылууга чакырды.
Ултраулутчулдардын лидери Курандын көчүрмөсүн айрууга аракет кылды, бирок полиция ага тоскоолдук кылып, ал болгону китепти жерге ыргытууга жетишип калды.
Норвегия ИИМнин өкүлү Инге Лансруд NTB агенттигине мусулмандардын дарегине чагымчылыдык сөздөрдөн кийин акцияга тыюу салынгандыгын билдирди.
Мусулмандарга карата ушундай эле чагымчылдыктар кошуна Дания жана Финляндияда да орун алды.
Даниялык ултраоңчул Stram Kurs Расмус кыймылынын лидери Палудан майда мусулмандар жашаган кварталда Курандын көчүрмөсүн өрттөгөн болчу.
Ал эми финляндиялык оңчул Suomen Kansa Ensin Марко де Вит партиясынын лидери Европарламентке шайлоо алдындагы компаниянын учурунда шайлоочулардын көзүнчө Курандын көчүрмөсүн айрыган болчу.