Мураскор ханзааданын пикири боюнча, эл аралык коомчулук Тегеранга карата чечкиндүү позицияны ээлеш керек.
Сауд Аравиясы аймакта согуш болушун каалабайт, бирок дүйнөлүк коомчулук Тегеранга карата чечкиндүүрөөк позицияны ээлеш керекуд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман Şarkul Avsat гезитине берген интервьюсунда.
Мураскор ханзаада Оман куймасындагы танкерлерге, Сауд Аравиядагы мунай куурларына жана королдуктун түштүгүндөгү Абху аэропортуна жасалган чабуулдарды эске салды.
“Бул окуялар дагы бир ирет эл аралык коомчулук дагы бир ирет Эр-Риядды угуш керектигин көрсөтүүдө”,- деп эсептейт Салман.
Анын айтуусунда, эл аралык коомчулук АКШнын Иранга каршы санкцияларын колдош керек.
“Иран террордук чабуулдарды түз же өздөрүнө караштуу уюмдар аркылуу жасайт. Тегеран эл аралык саясатта конструктивдүү позициядагы жакшы мамлекет болууну тандаш керек же бул мамлекет мыйзамдар менен эсептешпейби?”,- деди Салман.