Суббота, 30 ноября

Бир нече жылда күндүн геомагниттик бороону эң жогорку чекке жетет

0

Күндүн геомагниттик бороону акыркы мезгилде жерге чоң таасир этүүдө. Улуттук океандык жана атмосфералык башкаруу (NOAA) күндөгү жарылуу тууралуу билдирүү жасады. Билдирүүдө геомагниттик бороондун электрондук аппараттарда көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экендиги эскертилди. GPS (Global Positioning System) менен көйгөйлөр болушу мүмкүн деп кошумчаланган.

Мындай бороон-чапкындар, адатта, Күндөн Жерге келген заряддуу бөлүкчөлөрдүн атмосфера менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында пайда болуп, магниттик бороондорду жаратышы мүмкүн.

Астрономдор Күндөгү жарылуулар акырындап көбөйүп, бир нече жылдын ичинде эң жогорку чегине жете турганын айтышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз