Воскресенье, 28 апреля

АКШда өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарды колдонуусуна чектөө киргизилди

0

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Флорида штатынын губернатору Рон ДеСантис балдардын социалдык тармактарга кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө багытталган мыйзам долбооруна кол койду.

ДеСантис 14 жашка чейинки балдардын социалдык медиа аккаунттарын ачууга тыюу салган жана 14-15 жаштагы балдардын ата-энесинин уруксаты менен баракча ачууга уруксат берген мыйзам тууралуу билдирүү жасады.

Губернатор ДеСантис, социалдык медианын балдарга депрессия, өзүнө зыян келтирүү жана өзүн-өзү өлтүрүү сыяктуу ар кандай жолдор менен зыян келтирерин билдирди.

ДеСантис балдардын порнографиялык веб-сайттарга кирүүсүн жашын текшерүү өзгөчөлүгү менен алдын алууну максат кылган мыйзамдын, ата-энелерге балдарын коргоо мүмкүнчүлүгүн берерин айтты.

Мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет деп күтүлүүдө.

Флорида штатынын Өкүлдөр палатасы 25-январда ата-эненин уруксатына карабастан 16 жашка чыга элек балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган, бирок ДеСантис мыйзам долбооруна ата-энелик укуктарды бузду деген негизде вето койгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз