Воскресенье, 28 апреля

Коррупция менен күрөштө казынага канча каражат түшкөнү белгилүү болду

0
Кыргызстанда төрт жыл ичинде коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттын көлөмү 20 миллиард 445 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.
Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу жана милдеттүү толтурууда каражат укук коргоо, көзөмөлдөө органдарынын жана Финансы министрлигинин депозиттик эсептерине которулуп турган.
«2020-жылдын январынан 2024-жылдын февралына чейин депозиттик эсептерге 20 миллиард 445 миллион сом түшкɵн. Анын ичинен 14 миллиард 145 миллион сому мамлекеттик бюджетке чегерилсе, 6 миллиард 300 миллион сому Турукташтыруу фондуна которулду», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз