Пятница, 29 ноября

Эрдоган: Шайлоодо биздин демократия жеңди

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, кечээ болгон жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу: «Бул шайлоонун жеңүүчүсү биздин демократия, биздин улуттук эркибиз», — деди.

Эрдоган шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү төрагалык кылган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башкы кеңсесинин балконунан жарандарга кайрылуу жасады.

«Жарандардын акыл-эстүүлүгү жана коопсуздук күчтөрүбүздүн берилип иштөөсүнүн натыйжасында түрк демократиясы өзүнүн жетилгендигин дагы бир жолу далилдеди»,-деп айткан Эрдоган сөзүн улап: «Шайлоо, өзүңүздөр билесиздер, демократиянын эң орчундуу күндөрү болуп саналат. Улуттун эрки үкөктөн көрүнөт. Эл өз үнүн үкөк аркылуу айтат. Эл саясатчыга үкөк аркылуу өз үнүн жеткирет. Жыйынтыктарга карабастан , бул шайлоонун жеңүүчүсү биринчи кезекте биздин демократия, улуттук эрк жана саясий көз карашына карабастан бардык 85 миллион адам», — деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз