Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коррупцияга аралашканын, уюшкан кылмыштуу топтор менен мамилеси бар экенин айтты.
Ал 3-апрелде парламенттин отурумунда сөз сүйлөп, министр Бейшеналиевди мал мүлкүн санап берди.
«Мүлкүнүн 90 пайызын министр болуп турган кезде алган. «Эра констракшн» компаниясынан 15 элиталуу батир сатып алган. Аны эки аялына, балдарына жаздырган», — деди Жусупбек Коргонбай уулу