Пятница, 29 ноября

Кыргызстанда үч жылда 315 мектеп жана 69 бала бакча курулду — Акылбек Жапаров

0

Кыргызстанда курулуштун көлөмү 3 жылдын ичинде жогорку деңгээлге жетти, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жыйынынын жүрүшүндө.

Анын айтымына караганда, айрыкча социалдык объектилерди куруу колго алынды.

«Акыркы 3 жылдын ичинде 315 мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттык сактоо объектилери курулду, ошондой эле 125 айылдын таза суу маселеси чечилди», — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз