Пятница, 29 ноября

Песков: Орусия менен НАТО тирешүүдө

0

Кремлдин  катчысы Дмитрий Песков Орусия менен НАТОнун эми «түздөн түз тирешүүдө» экенин айтты. Песков: «НАТО Украинадагы кагылышууга аралашты жана эми да чек араларыбызга карай алдыга жылууга жана жакыныбыздагы аскердик инфраструктурасын кеңейтүүнү улантууда»,- деди.

Буга чейин да Орусиянын президенти Владимир Путин көптөгөн жолу суук согуштан кийин батыштын Орусияны алдагандыгын, Варшава келишими уюмунун кыйраганына карабастан НАТОнун кеңейүүнү уланткандыгын жана мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдү камтыгандыгын айтты.

Батыш бул айыптоолорду четке какты жана НАТОнун коргонуу биримдиги экендигин жана кошулуунун өлкөлөрдүн демократиялык  чечими экендигин айтууда.

НАТО орус баскынчылыгында Украинанын аман калышына колдоо көрсөткөнүн жана Киевге курал-жарак, машыгуу жана чалгындоо жардамын гана бергенин ырастоодо. Орусиянын оюу боюнча бул НАТОну  кагылышууну жактаган  тарап кылууда.  Февраль айында Путин  Орусия менен НАТОнун ортосунда түз кагылышуу чыга турган болсо дүйнө үчүнчү дүйнөлүк согуштун босогосуна келээрин айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз