Индия жаңы муундагы баллистикалык ракетасы Агни Праймдын учуу сынагын ийгиликтүү аткаргандыгын билдирди.
Индиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта Агни Праймдын учуу сынагын Стратегиялык күчтөр командирлиги менен Коргоо изилдөө жана өнүктүрүү уюмунун кызматташуусу менен өлкөнүн Одиша жакындарындагы Абдул аралында ийгиликтүү ишке ашырылгандыгы белгиленди.
Сынактын максаттарга жетишүү менен ийгиликтүү болгондугу билдирилген маалыматта сыноо маалыматтарынын ар башка туруктуу жерлер жана кыска аралыктуу кемелер сыяктуу кыймылдуу чекиттерге жайгаштырылган сенсорлор аркылуу алынганы белгиленди.
Индияда жасалган Агни ракеталык системаларынын жетинчи муундагы орто аралыктуу кургактыктан кургактыкка учуучу Агни Прайм ракеталарын сыноо 2021-жылдан бери улантылууда. Агни Прайм ракеталарынын аралыгы 1000 менен 2 000 километрге чейин өзгөрөт жана ракеталар өзөктүк дүрмөттөрдү ташый алат.