Пятница, 29 ноября

Кадыр түндү кантип өткөрүү керек? Аалымдардан насаат

0
Муфтият бүгүн Кадыр түн белгилене турганын билдирди. Аалымдар бул түнү жакшы амал, ибадаттарды жасаганга далалат кылуу керектигин айтууда. Тагыраагы:
Эркек мечитте, аял үйдө. Кадыр түндү адам жалгыз деле тоссо болот. Ал түнү мусулман обочолонуп түнү бою куран, намаз окуп, зикир чалып, өз алдынча Жараткандан каалоо-тилектеринин орундалышын сурап, эл-жерге тынчтык, молчулук тилесе болот. Ал түндү эркек мечитте, аял киши үйдө өткөргөнү жакшы.
Ушактан оолак болуңуз. Шарият боюнча, бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Кадыр түндө адам жакындары менен болушунча пайдалуу амалдарды аткарууга далалат кылып, пайдасыз, ушак сөздөрдөн оолак болушу керек.
Саарлыкка чейин уктабайт. Кадыр түн күн баткандан таң атканга чейин созулат. Адам ден соолугуна же жаш курагына байланыштуу күндүн жарыгы жерге тийгенге чейин отурууга мүмкүнчүлүгү болбосо, анда жок дегенде ооз жапканга чейин дуба кылып, эртең мененки намазды окуп уктаса болот.
Ибадатка арналган түн. Кадыр түндө жакындарды чогултуп алып шаан-шөкөт, ыр-тамаша менен өткөрүүгө болбойт. Адам өзүн болушунча ибадатка арнап, кошумча намаз, куран окуп, жашоодо басып өткөн жолуна, келечегине саресеп салуусу абзел.
Түн интернет менен өтпөшү керек. Кадыр түндө телевизор көрүүгө болот, бирок анда шариятка тиешелүү баяндарды же тарбиялык мааниси бар тасмаларды көргөнгө уруксат. Ал эми интернетте пайдасыз нерселерди көрүп убакытты өткөрүп, анан саарлыкта тамак ичип жатып алганы туура эмес болуп калат.
Жакындашпайт. Бул түнү адам таза болуп, жакшы тилектерди тилеп өткөрөт. Диний аалымдар мусулмандарды ал түнү жыныстык катнашка баруудан алыс болууга чакырат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз