Пятница, 29 ноября

Ташиев элге кайрылды: Уюшкан кылмыштуу топтор тууралуу бизге кабарлагыла

0

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор болбойт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мындан кийин бир дагы чиновник, бандит же болбосо криминалдык авторитет элдин бир дагы сотык жерин ала албайт.

«Аракет эле кылып көрүшсүн. Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор болбойт, мен муну буга чейин дагы айтып келгем. Эгерде кимде-ким уюшкан кылмыштуу топтун уюшулганын көрсө же билсе, бизге кабарлаңыздар”, — деди УКМК башчысы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз