12-апрелде Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде даярдалган «Жамийла» биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары өтөт
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, «Жамийла» мюзикли – бул оригиналдуу автордук музыка, поэзия, видео контент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыздын салттуу маданияты, тарыхый кийимдери, фольклору, хореографиялык, музыкалык жана вокалдык чыгармачылык айкалыштырган көркөм оюн.
Мюзикл 17-апрелге чейин сахнада коюлат.
- Либреттонун автору жана коюучу-режиссёру — Виктор Фельд
- Композитору- КР Эмгек сиңирген артисти Мурзали Жеенбаев
- Ырларды жазган акын- Махаббат Молдалиева
- Костюмдар боюнча художник-дизайнер-Дөөлөт Рысбаев
- Хореографы- КР Эл артисти Анара Нургалиева
- Хормейстери- КР Эл артисти Гульбара Маматова
- Башкы сүрөтчүсү — Расул Кочкорбаев
- Видео контент- Адан Алимбеков.
Белгилей кетсек, «Жамийла» чыгармасынын жаралганына быйыл 65 жыл толот.