Пятница, 29 ноября

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга келет

0

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга расмий сапары менен келет, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Жейхун Байрамов кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 2024-жылдын 8-9-апрелинде келет.

Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү болуп, анын алкагында кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин кеңири спектри талкууланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз