Пятница, 29 ноября

«Спартак» стадионунун кичи аренасы Бишкек мэриясына берилди

0

«Спартак» стадионунун кичи аренасы министрлер кабинетинин чечими менен муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аренанын аймагындагы курулмалар жер титирөөгө туруктуу эмес жана авариялык абалда деп техникалык корутунду чыккан.
Ошондой эле «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын адистери чакан аянтчанын долбоорун иштеп чыкканы айтылды.
«Жакында жаңы кичи аренанын курулушу башталат. Долбоордо спорт залдар, калыстар бөлмөлөрү, чечинүүчү жана машыктыруучу жайлар, административдик жана башка имараттар каралган», — деп жазылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз