Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги интервенция жүргүзүп, 8-апрелде валюта рыногунан 17 млн 100 миң АКШ долларын сатып алды.
Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы 2024-жылдын башынан тартып экинчи ирет интервенция жасап, чет элдик валютаны сатып алды.
Учурда бир доллар 89,16 сом, евро 96,49 сом болууда.